Баткенде унаа жөөлөп, жолдон чыгарып салып, из жашырган айдоочу табылды

Артында бара жаткан унааны сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

29-сентябрь күнү саат 14:50 чамасында Кадамжай району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 182-чакырымында Кадамжай районунун тургунунун башкаруусундагы Мерседес-Бенц- Е260 үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыгып, астында бир багытта бара жаткан Лексус-570 үлгүсүндөгү унаадан озуп өтүп бара жаткан учурда Лексус-570 үлгүсүндөгү унаа оң капталын сүзгөн учурда Мерседес-Бенц-Е260 үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, ала салып, жол кырсыгына учураган.

Окуя болгон жерден Лексус-570 үлгүсүндөгү унаа белгисиз тарапка качып кеткен. Азыркы учурда Лексус-570 үлгүсүндөгү унаасы жана айдоочусу кармалып, унаасы айып короого киргизилип, айдоочу тергөө кызматына өткөрүп берилди.