Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кызыл-Кыя шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүлөр Ноокат районунун тургундары. Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалган.

Тойота Ленд Крузер Прадо үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда уруксаты жок ок атуучу куралдар, баңгизаттар, ошондой эле “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү 50 даана 5,6 милиметр патрондору менен чакан мылтык, 16 миллиметрлик калибрдеги 10 патрон жана “Сталь” мергенчилик бычагы табылган. Учурда шектүүлөр Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.