Баткенде үй тинтүү учурунда каршылык башталып, 2 милиция кызматкери сабалды

Кечээ, 9-майда саат 22:00 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылынын 34 жаштагы тургунунун үйүндө УКМК тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча тинтүү, тергөө аракеттери жүргүзүлгөн. Тинтүү жүргүзүп жаткандардын арасында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринен тышкары Баткен РИИБдин кызматкерлери да болгон.

2 милиция кызматкери менен УКМКнын 1 кызматкерине Ж.А. жана анын балдары Ж.Д., Ж.Я. жана Ж.Ж. каршылык көрсөтүшүп, алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен, аткезчиликке шектелген жүктөрдү жашыруу максаттарында зордук-зомбулук жасашып, 2 милицияга көл көтөрүшкөн. Анын кесепетинен милициялар Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түштү.

Бул факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 374-беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катарында тургундун үч уулу кармалып, Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы кезде кылмышка тиешеси бар башка аталган үй-бүлөнүн мүчөлөрү такталууда.