Баткенде үйүндө баңгизат камтыган өсүмдүктү өстүрүп жүргөн жаран кармалды

Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу үйүндө баңгизат камтыган өсүмдүктү мыйзамсыз өстүрүп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери 21-август күнү ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, жергиликтүү тургун үйүндө баңгизат каражаттары камтыган өсүмдүктү мыйзамсыз өстүрүп жаткандыгын аныкташкан.

Бул факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин 1-бөлүмүндө (баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу аныкталды. Азыркы күндө соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.