Баткендеги 7 дүкөндөн мыйзамсыз сакталган спирт ичимдиктери аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Баткен облусундагы рейддин жүрүшүндө алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактаган жана саткан 7 дүкөндү аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2,5 миллион сомдон ашык суммада ар кандай аталыштагы жана идиштеги 15 миң 479 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынган.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.