Балдар мекемесинде иштебеген адамдарга айлык акы төлөнүп турган фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Кулунчак» мектепке чейинки балдар мекемесинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Аталган мекемеде иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип, төлөнүп келген. Андан кийин мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлгөн. Жогорудагы фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.