Баткендеги чек арачынын атып өлтүрүлүшү кокустуктан болгонбу? УКМКнын жообу

Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Паскы-Арык айылында куралды этиятсыз колдонуунун кесепетинен УКМКнын бир аскер кызматкери ошол жерде каза болуп, экинчиси жаракат алган. Окуя боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилген. Окуя болгон жерде Баткен чек ара отрядынын колбашчылыгы  бул факты боюнча териштирүү жүргүзүүдө.

Буга чейин Самаркандектеги чек ара заставасында 2002-жылы туулган катардагы жоокер кызмат өтөө учурунда 2001-жылы туулган чек ара кезметинин ефрейторун «Калашников» үлгүсүндөгү куралы менен белгисиз себептерден атып алганы маалымдалган эле.