Баткендеги чек арачынын этиятсыздыктан атып өлтүрүлүшү. Экинчи чек арачы да көз жумду

Баткен облусунун Паскы-Арык айылында куралды этиятсыз менен колдонгон экинчи чек арачы да көз жумду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

1-июнда кыргыз-тажик чек арасынын аймагында кызмат өтөп жүргөн аскерлердин бири куралын этиятсыздык менен колдонуп, анын кесепетинен Чек ара кызматынын бир аскери каза болуп, экинчиси жаракат алган. Кечээ, 3-июнда экинчи аскер да эсине келбей каза болду. Факты боюнча тиешелүү органдар териштирүү жүргүзүүдө.