Баткендеги жайлоодо 32 жаштагы жаран атып өлтүрүлдү. Шектүү кармалды

20-июнда саат 17:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Кишемиш жайлоосунда 32 жаштагы жаран атып өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка 61 жаштагы жаран шектелип жатат. Бул факт боюнча 21-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

22-июнда Баткен РИИБ жана Баткен ОИИБдин ыкчам кызматкерлери шектүүнү Суу-Башы айыл аймагындагы Сары-Таш тилкесинен кармап, милицияга жеткиришкен. Ал Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.