Баткендеги кафеде садага кутучасындагы акча уурдалган. Милиция кылмышты карабай койгон

Баткен облусунун прокуратура органдары милиция кызматкерлери тарабынан жасалган кылмыш жөнүндө кайрылууну жашыруу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

23-августта Баткен шаарынын аймагында жайгашкан “Мазза” кафесине белгисиз жарандар кирип, жалпы 5 400 сомдук садага кутучасындагы акча каражаттарын жана суусундуктарды уурдап, изин жашырып кетишкен. Аталган кафени ижарага алып иштеткен жарандар милиция бөлүмүнө кылмыш жөнүндө билдиргенде, тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге келип, бирок кылмыш жөнүндө арызын алуудан жана аны каттоодон баш тартуу менен кылмышты катташкан эмес.

Бул факты боюнча Баткен райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иш козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында 3 милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренеси (жасалган кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон баш тартуу же жашырып коюу) менен айыптары угузулуп, негизинен соттун кароосуна жиберилген. Ошондой эле, Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан уюлдук телефон уурдоо фактысы боюнча кайрылган жарандын арызын кабыл алуудан баш тарткан милиция кызматкерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен ага карата айыбы угузулуп, иш соттун кароосуна жиберилди.