Баткендеги кургак учук менен күрөшүү борборунан качып чыккан жаран каналга боюн таштап көз жумду

Баткенде жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 19-апрелде Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунан 44 жаштагы жаран мас абалында качып чыгып, Батырканов атындагы каналга өзүн таштагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарек боюнча 12 куткаруучу тартылып, сууга аккан жарандын жансыз денесин бир туугандарына өткөрүп беришти.