Баткендеги курулуш компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды

Баткенде курулуш компаниянын директору бир нече алдамчылык фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2022-жылдын сентябрь айында Ак-Сай айылындагы 9 үйдүн курулушун жүргүзгөн курулуш компаниясынын 1990-жылы туулган директору 2023-жылдын март айында Баткен шаарынын тургунунун темир иштетүүчү цехинен 1 145 403 сомдук темир курулуш материал сатып алып, акчасын берерин айтып, изин жашырып кеткен. Натыйжада жабырлануучуга өлчөмүндө зыян келтирилген. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле арыз менен Баткен шаарынын тургуну кайрылып, 2022-жылдын октябрь айында курулуш компаниянын директору күнүнө 20 сомдон деп 100 опалубка алып, 2023-жылдын күз мезгилинде 50 опалубканы бердирип жиберип, калган 50 опалубканы жана ижара акысын бербестен качып кеткен. Натыйжада жабырлануучуга 250 миң сом өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Бул факты боюнча да алдамчылык менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Бишкек шаарынын аймагынан кармалды.