Баткенде алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
2025-жылдын 19-апрелинде 33 жаштагы шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Баткен шаарындагы мал базарда Кадамжай районунун 22 жаштагы тургуну аны менен уйду торпогу менен 115 миң сомго баалашып, алдын ала 10 миң сом берген, ал эми калган 105 миң сомду бир жуманын ичинде төлөөгө убада берип, ушул күнгө чейин акчаны кайтарбай жүргөнү белгилүү болгон.
Бул факты Баткен ШИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Шаардык милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү аял кармалып, учурда тергөө иштери улантылууда.