Кызыл-Кыядагы мектептин аймагынан террордук уюмдун желеги табылды

Баткен облусунда тыюу салынган “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун желеги табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

25-майда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектептин аянтынан бүтүрүүчүлөрдүн урматына арналган тактанын жанынан тыюу салынган уюмдун желеги табылган. Ошондой эле тосмонун дубалдарына “Сени кыйратканды жок кыл”, “Сенин камераң сага жардам бербейт”, “Аллах ыраазычылыгы үчүн музыка койбо” деген жазуулар калтырылган. УКМК менен Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мектептин 3 бүтүрүүчүсү аныкталган.

2-июнда соттун уруксаты менен аталган адамдардын жашаган жерлеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдарга жана “ИМ” ЭТУга тиешелүү болушу мүмкүн болгон ири көлөмдөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылып экспертизага жиберилди. Белгилей кетсек, кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан 25-майда орто мектептин аймагына илинген “ИМ” ЭТУнун кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видео табылган. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.