Баткендеги «Өрүкзар» бала бакчасынын директоруна кылмыш иши козголду

Баткен шаарындагы «Өрүкзар» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директоруна карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жетекчиге карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине ылайык «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» деген шек менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө ал 2021-жылдан 2023-жылга чейин мекеменин кызматкеринин эмгек акысын туруктуу негизде өздөштүрүп, анын жалпы суммасы 387 миң сомго жакын экендиги аныкталды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө аракеттери, ошондой эле билим берүү мекемелериндеги ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча башка иш-чаралар улантылууда.