Баткендеги сел: 100дөн ашуун тургундар эвакуацияланды

Сел суулары каптаган Баткен районундагы Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесинен элди коопсуз жайга көчүрүү (эвакуация) иштери жүргүзүлүүдө.

Саат 23:20га карата элди коопсуз жайга көчүрүү иштерине ӨКМден жалпы 54 куткаруучу, мындан тышкары президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда. Учурда жалпы 108 жаран, алардын ичинен 40 бала коопсуз жайга көчүрүлдү.