Баткендеги сел калдыктары тазаланып бүткөн мекемелердин сүрөттөрү

Баткендеги 5 социалдык мекеме сел калдыктарынан тазаланып бүттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарында 18-июнь күнү катуу жааган жаандан улам келген сел суулары 7 социалдык объект жана 224 турак үйдүн короолоруна жана жертөлөсүнө кирген. Куткаруучулар тарабынан 5 социалдык объектте тазалоо иштери жыйынтыкталып, 2 мекемеде жумуш уланууда. Турак үйлөр дээрлик тазаланып бүтүп, 10 үйдө жумуш аткарылып жатат. Нөшөрлөп жааган жаандан улам шаардагы төрөт үйүнүн жертөлөсү толугу менен (3 метр тереңдикте) сел сууларына толуп калган. Саат 17:30га карата 20 сантиметрдей болгон сел калдыгы калды. Ал үчүн кошумча күч каражаты катары 1 ассенизатор тартылган.

Селден кийинки тазалоо иштерине Айдаркен, Баткен жана Кадамжай райондорунан кошумча күч катары куткаруучулар тартылып, жалпы 12 техника, 9 мотопомпа жана ӨКМнен 117, ыктыярдуу жарандардан 110 куткаруучу иш алып барууда.