Баткендеги соцобъектилердин курулуш иштерин жүргүзүүдө мамлекетке 38 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген

Баткен облусундагы социалдык объекттерди курууда мамлекетке 38 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Баткен облустук прокуратурасы мамлекетке 38 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген фактыны аныктады. Текшерүү көрсөткөндөй, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тендерлердин шарттарын бузуу менен 6 социалдык объекттеги (мектеп, бала бакчалар) аткарылбаган иштерге жана бүткөрүлбөгөн курулуштар үчүн жеке жактарга 38 миллион 114 миң 608 сомду мыйзамсыз которуп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

Тактап айтканда, Баткен районунун Капчыгай айылындагы бала бакчанын курулушуна 10 миллион 695 миң 273 сом, Үч-Дөбө айылындагы бала бакчанын курулушуна 3 миллион 761 миң 660 сом, Үч-Дөбө айылындагы орто мектептин курулушуна 8 миллион 678 миң 267 сом жана Сай айылындагы орто мектептин курулушуна 5 миллион 160 миң 94 сом, ошондой эле Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында жайгашкан орто мектептин капиталдык оңдоосуна 3 миллион 666 миң 267 сом жана Лейлек районунун Ай-Көл айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушуна 6 миллион 153 миң 47 сом аткарылбаган иштер үчүн мыйзамсыз сарпталган. Жалпысынан 38 миллион 114 миң 608 сом кымырылган.

Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.