Баткендеги соода борбордон 600 миң сом уурдалган. Бишкекте 2 жигит колго түштү

Баткендеги соода борборунан ири өлчөмдөгү акча уурдалып, шектүү катары эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Баткен шаарындагы “Асылбек” соода борборунун сатуучусу 32 жаштагы жаран 17-мартка караган түнү белгисиз жарандар анын дүкөнүнүн эшигин бузуп киришип, 600 миң сомго жакын акчасын уурдап кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул арыз Баткен ШИИБге Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрө баштайт. Кылмышка шектелип, Баткен районунун 15 жаштагы жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын 18 жаштагы тургундары Бишкек шаарынан аныкталып, кармап келинген. Кылмышка шектүү өспүрүмдөр жеңил акча табуу максатында уурдалган акчага сатып алынган телефондор, кийим-кечелери менен тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Азыркы күндө тергөө иштери сотко жиберилди.