Баткендеги сотмедэксперт эбак жабылган мекемеде иштейм деп айлык алып турган

Баткендеги сотмедэксперт эбак жабылган мекемеде иштейм деп айлык алып турган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Баткен облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Тергөө учурунда Кызыл-Кыя шаарындагы химиялык лаборатория 2020-жылдан бери иштебей турганын, бирок лаборатория кызматкери маал-маалы менен жумуш ордун кыдырып, өзүнүн кызматтык милдеттерин иш жүзүндө аткарбагандыгына карабастан, айлык алып жаткандыгы аныкталды.

Тергөөгө чейинки аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1 миллион 254 миң 200 сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Баткен соттук-медициналык экспертиза бюросунун жооптуу кызматкерлерине карата зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, андан соң тиешелүү юридикалык баа берилмекчи.