26-июнь күнү Зардалы айылында жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын «Коргон» заставасынын аскер кызматкери Ак-Терек дарыясына агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 29 жаштагы аскер кызматкери АКС-74 үлгүсүндөгү куралы менен Ак-Терек дарыясына агып жатканда, жанындагы аскер кызматкерлер куткарып калган, бирок куралы агып кеткен. Жерине куралды издөө үчүн 3 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон эмес. 1-июль күнү издөө улантылат.