Баткендин Суу-Башы, Кыштут айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Кечээ, 12-июнь күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагында сел суулары келип, ӨКМ кызматкерлери жана район акими, Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Баткен райондук Жарандык коргонуу башчысы-акимдин буйругу менен өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, тиешелүү кызматтар өз тармагында кечиктирилгис чараларды көрүү тапшырмасы берилди.