Баткендин тургуну түн ичинде кылган кылмышы үчүн кармалды (сүрөт)

Баткенден аткезчилик жол менен асыл тукум малды алып чыгып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, чек ара кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 48 жаштагы тургунун 8-январь күнү түнкү саат 03:00 чамасында Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылындагы Ганжак участкасынан коңшу өлкөгө 5 баш асыл тукум ийри мүйүздүү малды айдап бара жаткан жеринен кармалган.

Бул факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.