Баткендин үч районунда жүргөн селден кийин иштер жүрүп жатат

Алдын ала маалымат боюнча, кечээ, 10-июнь күнү Баткен облусунун 3 районунда кыска мөөнөттө жаан жаап, тоо кыркаларынан сел суулары келген. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Лейлек районунун Коргон-Катраң-Өзгөрүш унаа жолунун 1-8-чакырымында жүргөн селден кум, шагал толгон. Калыбына келтирүү иштерине Жол тейлөө ишканасынан тартылган 2 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 самосвал иштеп жатат. 10-июнь күнү саат 17:20лар чамасында Баткен районунун Апкан айылында сел жүрүп, күрүч талааларына сел суулары кирген. Саат 17:15тер чамасында жааган жаандын кесепетинен Кадамжай районунун Өтүкчү айылында да кокту-колоттордон түшкөн сел сууларынан 830 метр ички чарбалык жол жабыркап, 400 метр ички чарбалык арык, 1 гектарга жакын жер аянтына сел суулары келген. Калыбына келтирүү иштерине Жол тейлөө ишканасынан эксковатор, КамАЗ жана жүктөгүч тартылды.