Баткенге аткезчилик жолу менен алып келинген 12 тоннадан ашык мандарин аныкталды

Баткен облусундагы контрабандалык ишке бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда бүгүн, 6-апрелде УКМК чек ара кызматы менен биргеликте контрабандалык иштерге каршы күрөшүү боюнча жүрүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Лейлек районунун 4 тургунуна таандык төрт Мерседес Спринтер унаасы кармалган.

Кармалган автоунааларды тинтүү иштеринде коңшу мамлекеттен Кыргызстандын базарларына сатуу үчүн алынып келинген мандарин түрүндөгү контрабандалык жүктөр табылып алынды. Кармалган жүктүн жалпы көлөмү 12 тоннадан ашык болгон. Ал эми жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 1 миллион сомдон ашык каражатты түзгөн.

Коштоочу документтердин жоктугунан товарларды кармоо боюнча протоколдор түзүлүп, кармалган товарлардын базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө үчүн унаалар «Баткен» бажы терминалына киргизилген.