Баткенге коңшу өлкөдөн мыйзамсыз алып келинген 3 тонна лимон аныкталды (cүрөт)

Кечээ, 1-апрелде УКМК тарабынан Баткен облусунун Лейлек районунда мөмө-жемиштердин (лимон) аткезчилик жүктөрү салынган унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы көлөмү 3 тоннаны түзгөн лимон түрүндөгү контрабандалык продуктулар, Кыргыз Республикасынын аймагына сатуу үчүн тиешелүү коштоочу документтерисиз коңшу республикадан мыйзамсыз келген. Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.