Баткенге мыйзамсыз алып келинген 3 тонна лимон аныкталды

Баткенде 3 тоннадан ашык лимон контрабандасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-апрелде УКМК чек ара кызматынын жардамы менен Баткен районунун Ак-Татыр айылында контрабандалык жүктү мыйзамсыз ташуу менен алектенген жарандын көзөмөлүндө Mercedes-Benz Sprinter унаасы кармалган. Унаадагы жалпы көлөмү 3 тоннадан ашык болгон лимон түрүндөгү контрабандалык продуктулар мамлекеттик чек ара аркылуу коштомо документтерисиз өткөрүлгөн.

Учурда Баткен бажы органдары жүктүн чыккан өлкөсүн аныктоо, ошондой эле төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.