УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, “Батуми” кафесинин бузулуп, демонтаждалышынын мыйзамдуулугу жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери башталды.
Ошондой эле бул тармакты көзөмөлдөгөн Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери да аныкталды. Тактап айтканда, Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган. Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул боюнча УКМК тарабынан вице-мэр Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө Орунтаев жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды.
Көрсөтүлгөн жагдайлар эске алынып, Орунтаев келүү убадасы менен бошотулуп, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.