«Батуми» кафесинин айланасындагы чыр: УКМК кылмыш ишин козгогону маалымдалды

Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлерине Жал кичи районундагы “Батуми” кафесин демонтаждоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мүлктү атайылап жок кылуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгонун АКИpress агенттиги жазды. Бул факты боюнча УКМК иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эки тараптан тең мыйзам бузуулар болгон: кафе ээлери унаа токтотуучу жайды мыйзамсыз пайдаланышкан, ал эми мэрия кызматкерлери оор техниканы колдонуу менен мүлктү талкалап, «легалдаштыруу механизмдери болгонуна карабастан» аныкталган мыйзам бузууларды жоюуга мүмкүнчүлүк беришкен эмес.