Базар-Коргондо 51 жаштагы киши сабалып өлтүрүлгөн. Шектүү кармалды

Базар-Коргон милициясы адам өлтүрүү фактысына шектүү катары каза болгон жарандын айылдашын кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Базар-Коргон РИИБге Могол айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 26-май күнү саат 22:00 чамасында айылдашынын үйүнөн 51 жаштагы бир тууган агасынын жансыз денеси табылгандыгын, анын өлүмүнүн себебин аныктап, киши колдуу болгон болсо, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Базар-Коргон РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Базар-Коргон РИИБдин жетекчилиги кызматкерлер менен бирге жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын тургуну 1974-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жансыз дененин мүчөлөрү сынган, көгөргөн, сыйрылган жерлери бар экендиги аныкталган. Шектүү өз көрсөтмөсүндө 26-май күнү саат 20:00 чамасында үйүндө 51 жаштагы айылдашы менен спирт ичимдигин ичип отуруп, мас абалда сөз талаша кетип, айылдашынын дене-башына уруп-тепкилеп койгондугун, ошондон улам ал каза болуп калгандыгын билдирген. Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.