Базар-Коргондо аялдын колун, оозун скотчтоп, 300 миң сомун уурдап кетишкен

Милиция Базар-Коргондо түн ичинде аялдын колдорун жана оозун скотчтоп, карактап кеткен кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Базар-Коргон РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Базар-Коргон шаарынын 30 жаштагы тургуну 16-декабрь күнү саат 05:00 чамасында телефон чалган. Анда ошол эле күнү саат 04:00 чамасында үйүндө 49 жаштагы апасынын бөлмөсүнө беткапчан адамдар киришип, апасынын колдорун жана оозун скотчтоп, 300 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын карактап кетишкенин билдирген.

Кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун 1988-жылы туулган тургуну, Ноокен районунун 1999-жылы туулган 2 тургуну кармалган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.