Базар-Коргондо жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду (фото, видео)

Базар-Коргондо жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.

Кечээ, 2-май күнү саат 18:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 554-чакырымында, Базар-Коргон районунда Бишкектен Ош багытын көздөй бара жаткан Mitsubishi Colt үлгүсүндөгү унаа менен карама-каршы багытта келе жаткан Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен Mitsubishi Colt үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1961-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну жана Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү, 2021-жылы туулган наристе алган жарааттарынан ооруканага жетпей каза болду. Андан тышкары, 9 жаран жаракат алган. Анын ичинен экөө реанимацияга түшкөн.

_adamdar__naristeler_.mp4" />