Базар-Коргондо кызганычтан улам эркек киши аялынын мурдагы күйөөсүн сабап салган

1-мартка карган түнү Базар-Коргон районунун Үч-Булак айылынын 1988-жылы туулган тургунун убактылуу өзү жашаган Ноокен районунун Көп-Там айылындагы үйүнүн короосунда ажырашып кеткен аялынын жолдошу өз ара пикир келишпестиктен улам таш менен баш тарабына уруп денесине жараат келтирген. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.

Бул окуя боюнча топтолгон материал Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө шектүү менен жабырлануучу ошол күнгө чейин экөө телефон аркылуу бири-бири менен сөз талашып, аялды кызгангандан улам чыр-чатак келип чыккандыгы такталган. Аял мурдагы күйөөсүнөн буга чейин өз ыктыяры менен учурдагы жашап жаткан адамга кетип калгандыгын, аны эч ким зордоп алып кетпегендигин өз көрсөтмөсүндө билдирген.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча жабырлануучунун алган жараатынын оордук даражасын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында «оор» дене жараатын алгандыгы аныкталган. 131-беренеси менен козголгон сотко чейинки өндүрүш иши жабырлануучу денесинен “оор” жараат алгандыктан, 130-беренеге (ден соолукка оор залал келтирүү) квалификацияланган. Шектүү  убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.