Базар-Коргондо менчикке берилип кеткен мектептин жер тилкеси кайтарылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан мектеп куруу үчүн ажыратылган жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Текшерүүдө Могол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы токтому менен Кара-Ой айылындагы мектеп куруу үчүн ажыратылган жер аянтынын ичинен менчикке жер ажыратылып берилип кеткендиги аныкталган. Аталган жер аянтын мамлекетке кайтаруу максатында Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан сотко келтирилген доо арыздар толугу менен канааттандырылган. Райондук прокуратура тарабынан келтирилген талаптын негизинде 1 миллион 70 миң сомдук мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.