Базар-Коргондо салык бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды

Базар-Коргондо салык бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Сот органдарынын уруксаты менен шектүүнүн мыйзамсыз аракеттери жашыруун камерага тартылып, 2025-жылдын 9-январында кармалды. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

УКМК анын мүлккө жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык карыздарынын бар-жогу жөнүндө маалым кат алуу процессин тездеткендиги, салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлердин ставкаларын азайткандыгы үчүн системалуу негизде пара алгандыгын кошумчалады.