Базар-Коргондо сүзүшкөн эки унаанын тең айдоочулары көз жумду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы жол кырсыктан унаалардын айдоочулары көз жумду. Маалыматты журналисттерге Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 12-февралда катталган. Бишкек-Ош жолунун 551-чакырымда Хонда Фит менен Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Унаалардын айдоочулары жеринде көз жумган.