Базардан 93 тумак уурдалган. Шектүү кармалып, тумактын 83ү табылып алынды

12-май күнү милицияга Р.Т. аттуу жаран белгисиз адамга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 03:00 чамасында белгисиз адам Киев көчөсүндө жайгашкан базардын бириндеги контейнердин эшигин талкалап, анын ичинен баасы 511 миң 500 сом турган 93 тумак уурдап кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүрүшундө милиция кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган М.А. аттуу жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү адамдан кылмыш ишинде буюм далил катары 83 тумак табылды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.