Бишкекте бейбаштыкка шектелген жаран кармалды

8-июнда милицияга Ж.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адам көрсөтүлгөн күнү саат 21:30 чамасында Репин жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, бейбаштык максатында ок атуучу куралга окшош белгисиз курал менен коркутуп, аны ошол курал менен бетке уруп, денесине залал келтирилген. Андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынан маалымдашты.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Г.А. өздүгү такталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.