Бекжан Темирхандын досу: «Бекжандын атасы тосмо арыз жазып, батасын берди»

Ырчы Бекжан Темирхандын жол кырсыктан каза тапканына туура 1 ай болду. Дал ошол каргашалуу окуяда ырчынын жанында болгон досу Талгар Уланбековдон ошол күндү эстеп айтып берүүсүн сурандык. “Мен деле кандайча тирүү калганымды түшүнгөн жокмун” деген ал элден “Мени күнөөлөбөңүздөр” деп өтүндү.

«Бекжандын атасы — менин аяш атам мен ооруп жатканда да «Балам, өзүңдү кара, болор иш болду. Сени деле күнөөлөбөйм, уулумдун суранычы менен барыптырсың» деди. Адамбыз да, өзүбүздү жей берет экенбиз. Кудайдын чечими улук экен. Мен аларды да түшүнүп жатам. Жолуктук, сүйлөштүк. Тергөө иштери бүттү. Атасы тосмо арыз жазып, батасын берди. «Катташып туралы, өзүңдү кара» деди»,-  деди ал.