Орзубек Назаров Салимбай Абдувалиев менен түшкөн сүрөтү боюнча түшүндүрмө берди (видео)

УКМК органдары тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз жараны Орзубек Назаровдун криминалдык авторитет «Салимбойвачча» каймана аты менен белгилүү Өзбек жараны Салим Абдувалиев менен байланышы бар экендиги аныкталган.

Кечээ, 3-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси («Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Орзубек Назаров УКМКнын тергөө органдары тарабынан Салим Абдувалиев менен жолугушуусу жана таанышуу жагдайлары боюнча суракка алынды. Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында Салим Абдувалиевдин кылмыш ишине тиешеси бар башка Кыргыз жарандарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.