Белгилүү жазуучу Олжобай Шакир 48 саатка камакка алынды

Кечээ, 23-августта кечки убакытта белгилүү жазуучу, жарандык активист Олжобай Шакир бир нече сааттан бери дайынсыз болуп жатканын анын жакындары айтып чыгышкан. Кийин анын УКМКда экени маалым болгон.

Анын жактоочусу Бакыт Автандил жазуучунун 48 саатка камакка алынганын билдирди. Анын айтымында, ал укук коргоо кызматкерлерине баш ийбөөгө, массалык баш аламандыкка чакырып, бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталууда.

Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!

Биздин Телеграм канал: @serepkg