Беловодское айылындагы жатак мектептин тарбиялануучусунун өлүмү. Тергөө иштери башталды

Беловодское психоневрологиялык интернатында өспүрүм мушташтан кийин каза болду деген маалымат боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалымата караганда,  25-апрелде саат 23:00 чамасында Москва районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө ар кандай жаракаттар менен 15 жаштагы өспүрүм келип түшкөн. Анын психоневрологиялык интернатында тарбияланганы аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 25-апрелде интернаттын эки тарбиялануучусу, тактап айтканда 12 жаштагы менен 17 жаштагы балдар 15 жаштагы баланын денесине залал келтирген. Алган жаракаттарынан улам өспүрүм ооруканага жеткирилген, эртеси жаракатынан улам эсине келбей көз жумган. Бул боюнча Жазык кодексинин 138-беренеси менен (ден-соолукка оор залал келтирүү) сотко чейинки териштирүү иштери башталып, керектүү экспертизалар дайындалды жана бардык жагдайлар такталып жатат.