Беловодское айылында жатак мектептин 15 жаштагы тарбиялануучусу көз жумду

Беловодское психоневрологиялык интернатында өспүрүм мушташтан кийин каза болду. Бул тууралуу 24.kg өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, интернатта дарыланып жаткан эки өспүрүм 15 жаштагы баланы катуу сабап салышкан. Өспүрүм ооруканада көз жумган. Беловодское аймактык ооруканасы фактыны тастыктады. Дарыгерлердин айтымында, баланын мээсине кан куюлуп каза болгон.

«25-апрелде саат 22:12де Тез жардам кызматына жаракат алган бала тууралуу чакыруу келип түшкөн. 15 жаштагы өспүрүм ооруканага саат 23:00дө алып келинген. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бала сабалганы белгилүү болгондо эле милицияга кабарлаганбыз. 26-апрелде саат 04:00 чамасында бейтап каза болгон. Соттук-медициналык экспертиза өспүрүмдүн гематомасы бар экендигин аныктады», — деп айтылат маалыматта.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бул маалымат такталып жатканын билдирди.