Беловодское айылындагы өрттөнүп кеткен мектеп авариялык абалда болгон

Кечээ, 7-июль күнү Чүй облусунун Беловодское айылындагы мектеп өрттөнгөнү тууралуу маалымдалган. Билим берүү министрлигинен аталган мектеп авариялык абалда болгондугун билдиришти.

Беловодское айылындагы Биринчи май мектеби 1927- жылы курулган. Анын эскилиги жеткендиктен 2012-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими менен авариялык абалдагы мектеп катары жыйынтык чыгарылган. Аталган билим берүү мекемеси 2018-жылы айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берилген. Ошол жылдан бери балдар окубайт. Бүгүнкү күнгө чейин имарат бош турат, айыл өкмөттүн карамагында.

Өрттөн эч ким жабыр тарткан эмес.