«Бензин түгөнгүчө айдайын десем, түгөнбөй койду». Ысык-Көлдө унаа уурдап качкан шектүү кармалды

11-мартка караган түнү Каракол шаарындагы “Санжыра” кафесинин алдында токтоп турган ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам айдап качып кеткен.

Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган жаран кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө унаанын ачкычы ичинде экенин айтып, «Бензин түгөнгүчө айдайын десем түгөнбөй койду» деген.