«Беш-Сарынын» директору, Бишкек шаардык кеңештин депутаты кармалды

«Беш-Сарынын» директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК «Беш-Сары» ЖЧКсынын жетекчилиги тарабынан жеке менчикти ыйгарып алуу жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүү боюнча алдамчылык фактысын аныктоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысын да аныктаган.

«Беш-Сары» ЖЧКсынын директору Ж.Н.К. 2023-жылдын ноябрь айында компетенттүү органдар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, аталган соода-базар комплексинде соода иши менен алектенген ишкерлердин ижара акысы 30 пайызга төмөндөтүлгөнүн, аталган ЖЧКнын жетекчилиги санариптик экономикага акырындык менен өтүү боюнча бийликтин саясатын колдоо зарылдыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында билдирген.

Бирок аталган уюмдун жетекчилиги 2024-жылдын май айынан тарта ижара акысы үчүн мурдагы бааларды кайтаруу жана жогорулатууну көздөгөн. Мындай кадам «Беш-Сары» соода түйүнүндө жеке ишкерлик менен алектенген ишкерлердин нааразылыгынын өсүүсүнө түрткү болгон. 29-апрелде Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, «Беш-Сары» ЖЧКсынын директору Ж.Н.К кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Беш-Сары» ЖЧКсынын жетекчиси — Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна.