Экс-депутат, «Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү кармалды

«Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качуу жана алдамчылык менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында «Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Ж.К. тарабынан  уюштурулган (Аталган фирма — Ош базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ жана  көмүр жеткирип турат), өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун механизмдерин аныктады.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жетекчиликтин көрсөтмөсү менен «Беш-Сары» ЖЧКсынын администрациясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган. Ижара келишимин түзүүдө формалдуу түрдө төмөндөтүлгөн сумма белгиленген, ал эми  иш жүзүндөгү наркы расмий түрдө көрсөтүлгөндөн бир нече эсе жогору болгон. Реалдуу баанын өлчөмү соодагерлер үчүн сезилээрлик деңгээлде байкалып, бул базарда сатылып жаткан товарлардын кымбатташына да алып келген.

Ошондой эле, «Беш-Сары» ЖЧКсынын бухгалтериясы салыктык отчеттуулук документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайданы жасалма түрдө төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келген.

21-февралда Ж.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.