Беш-Ташта автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды

Күмүш түстөгү Мерседес-Бенц унаасы «Суусамыр-Талас-Тараз» унаа жолунда автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча маалымат Инстаграмдагы «Interes_talas» баракчасында жарыяланган.

Бул маалымат чыгар замат жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ыкчам кармоо иш-аракеттерин көрүшүп, айдоочусун издеп таап, Укук бузуулар жөнүндө протоколу түзүлүп, 15000 сом айып пул салынып, унаасы айып короосуна токтотулду.