«Бет капчан кирип, сабап…» Ысык-Атада 3 жаран үйгө ууруга киришкен

Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-март күнү Ысык-Ата РИИБге арыз менен 1959-жылы туулган жаран кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 21:30 чамасында бейтааныш бет капчан адамдар үйүнө кирип, тапанча менен коркутушканын, үйүнөн баалуу буюмдарды жана акча каражатын таппаган соң, арыз ээсин ур-токмокко алып, белгисиз тарапка качып кетишкенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип мурда соттолгон 1995 жана 1991, 1985-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.