«Бетон шакекчелер жолду жаап калган». Өтмөк ашуусунда жол кырсыкта 1 адам жабыркады

Өтмөк ашуусунда жол кырсыгы катталып, 1 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Жайыл районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында Өтмөк ашуусундаа бетон шакекчелер жүктөлгөн DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы Toyota Surf унаасы менен сүзүшкөн. Оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн түшүп кетип, бетон шакекчелер жолдун бир тарабын тосуп калган. 4 куткаруучу жолду тосуп калган бетон шакекчелерди алууга көмөк көрсөтүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы эркек киши жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.